Лейлекте аялы күйөөсүн эт чапкан балта менен башка чаап өлтүрүүгө шектелип кармалды

Лейлекте күйөөсүн балта менен башка чаап өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-ноябрь күнү кечинде Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Арка-2 айылындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда 50 жаштагы Г.А. аттуу аялы менен 51 жаштагы күйөөсү экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо уруш чыккан. Ачууланган аялы күйөөсүн эт чапкан балта менен башына бир нече жолу урган. Оор жаракаттардан улам 51 жаштагы жабырлануучу окуя болгон жерден каза болуп калган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү аял камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Janna07
2018-11-30 12:27:33
Лейлекте аялдар арак ичет бекен, тооба биринчи угушум жалган болсо керек
-5
Tekecher
2018-11-30 15:43:15
Janna07,ошону менда ойлоп жатам, Лейлекте негизи эле арак ичпейт дешетко
+2
Samar90
2018-11-30 12:44:12
Аяш аваларга не болгон я
-2
aidai9594
2018-11-30 20:01:26
Samar90,Аяш ава дебей эле жазсан болбойбу ?
+3
nursiyanur
2018-11-30 13:30:14
Эркек сооройда ошого жеткирсе керек да.
+2
Matahara1980
2018-11-30 14:22:24
nursiyanur,ошо менда ойлодум всю жизнь кууратып келсе керек алкаш, акыры чыдабай чапты да , жаткан жери жайлуу болсун, одного алкаша меньще стала дегендей
0
Gulnyr19
2018-11-30 21:35:53
Арка2 де тажиктер жашашат кыргыздар аз эле мүмкүн кыргыздар эместир
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан