Бишкекте аялды унаасына камап алып аны зордуктоого аракеттенген таксист 2 айга камакка алынды

Бишкекте аялды унаасына камап алып аны зордуктоого аракеттенген таксист 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

Буга чейин белгилүү болгондой, такси кызматынын 49 жаштагы Б.Ч. аттуу айдоочусу 27-ноябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жабырлануучу аял жазган арыздын негизинде ага "зордуктоого аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Октябрь райондук соту тарабынан кылмышка шектүүнү №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечими кабыл алынган.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Мындан бир нече күн мурун социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар белгисиз аялды унаасына камап алган таксистти жазага тартууну өтүнүшкөн. Видео тараган соң, таксист милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.



Бишкекте унаасына аялды камап алган таксистке "зордуктоого аракет жасоо" менен кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ruslanz
2018-11-30 13:08:30
Аз болгондо кылып коймок экен.Видеого тартып интернетке жуктогондорду откондо жактырбай атышты эле,мына пайдалуу жактары коп.
+8
Alinur96kg
2018-11-30 14:12:58
Бул подстава деле болушу мумкун. Тарткан балдар камерага тартып баратышыптырбы бироо бироону зордукташы мумкун деп.Тем более жарык, эл бар жерде. Зордуктай турган болсо чет жака айдап кетмек да.Атайын даярдалгандай болуп атат.’Чындап куноолу болсо жазасын алсын.
-4
Muratmipa
2018-11-30 14:55:53
Alinur96kg,анда такси да атайын актер болуп артыкы сиденияга олтурганго э
-3
Alinur96kg
2018-11-30 15:56:09
Muratmipa,болсо болгондур. Таксистти жактаган жокмун. Ошондой ой келип кетти да.
+1
katerina.li
2018-12-01 16:24:06
Alinur96kg,ой тобооо,кыздын жардам сурап бакырганын угуп анан жардам бергени бардык дешип атты да,тартып албаса эч Ким ишеньейт азыр,оздорун кунноолу кылып коет кацра
0
Matahara1980
2018-11-30 14:57:35
Шумуройуп турмого тушуп калдыбы жакшы болуртур, ушу чон эле адамдар напсинерди тыйып эле журбойсунобу калжактап жаш кыз корсонор баса калбай уятсыздар, семьянар деле бар болсо керек, небере себере дегендей, эми эртен балдарын бетин кантип карайсын, сакалды болсо койуп алыптырсын мечитке барып намаз окуган неме болсон, жанына любой кыз келин отуратда анан ишенип, сага окшогон дагы канча зоокурлор журот болду экен арабызда сакал койуп такыбаланган намаз окуган, а ичинен баары чирик
+9
Snejana
2018-11-30 16:40:08
Окуянын себебин кыздан сурабайсынарбы? Кайдан кайда баратыптыр...? Шаардын так ортосунда кандайча башталып кетти? Таанышпы же тааныш эмеспи? Супер билип бергилечи.
+7
Water
2018-11-30 19:04:26
Зордуктайм деген адам кичине чет жака алып барса керек эле. Мумкун башка себеби бардыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан