“Сосновка” өткөрмө пунктунан күмөндүү документтер менен 37,8 тонна дизель майын алып бара жаткан унаа кармалды

“Сосновка” көзөмөл-өткөрмө пунктунан белгиленген талаптарды бузуу менен 37 миң 865 литр дизель майын алып өтүп бара жаткан оор жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу 30-ноябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, транспорт каражаты салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жүгү бар унаа күмөндүү коштоочу документтер жана салык кызматынын күмөндүү пломбалары менен Бишкек-Ош каттамы боюнча бара жаткан.

Рейддин жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, кармалган оор жүк ташуучу унаа жүгү менен жагдайлар такталганга чейин айып төлөөчү жайга токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан