"Делбирим" тасмасында Аселдин ролун аткарган Мадина Талипбек Өзбекстанда мыкты актриса аталды

Кыргыз-өзбек киночулары биргеликте тарткан "Делбирим" тасмасынын башкы карманы Мадина Талипбек Өзбекстанда өткөн PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында “Мыкты актриса” номинациясы ыйгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына актриса Мадина Талипбек тастыктап, ал учурда Бишкек шаарында экенин айтты.

"Мага кубанычтуу кабарды кинонун режиссёру Сарвар Каримов сүйүнчүлөдү. Абдан кубандым. Себеби ал жактан мен "Мыкты актриса" номинациясына талапкер болуп жатканымды билген эмесмин. Ал эми кинонун продюсери Паризат Жакыпбекова сыйлыкты 5-декабрда Бишкекте боло турчу кинонун бет ачарында мага тапшырыларын айтты", - деди Мадина Талипбек.

"Делбирим" тасмасынын бет ачары Өзбекстанда 16-ноябрь күнү Ташкентте болгон. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө 5-декабрда боло турганы айтылып, тасманын трейлери чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pandora
2018-12-01 12:01:13
Куттуктайбыз!!! Суротто жакшына чыгыпсып табийгый болуп.Чапталма кирпик,жоон каш,химиялык боектон коро азыркы сурот мин эсе соонун.
+21
Nargiza1987k
2018-12-01 12:10:50
Алга
+3
Bahabrat79
2018-12-01 12:28:38
Муйдусунан дейт анан. Анык кыргыз мурунго чырагым
+7
Haanykeeim
2018-12-01 16:46:16
Чолпон Талипбектин бир тууган синдисиби,окшош экен
+1
murat17
2018-12-01 18:06:19
Haanykeeim,чолпон талипбектин синдиси казактын каникул в таиланде деген киносунда жыланач денесин коргозуп фильмге тушкону учун талкууга тушкон болчу
0
munduz2016
2018-12-02 09:39:24
Куттуктайбыз!!!
0
Benazir08
2018-12-02 11:49:54
Жакшы бирок эженене окшоп обу жоктонбой токтоо болчу.?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан