Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын "Жумгал Суу Курулуш" көмүр казган ишканасынын аймагында көлөмү болжол менен 35 000 метр куб жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер көчкү кечээ, 1-декабрда саат 12:30 чамасында түшкөн. Жер көчкүнүн кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана "Жумгал Суу Курулуш" көмүр казган ишканасынын 2 даана электр зым карагайы зыянга учураган. Учурда жер көчкү акырындык менен жылууда, бирок турак үйлөргө коркунуч жок.
Жеринде ыкчам топ тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы билдиргендей, сентябрь айында эскертме берилген.