Египеттик актриса жана фотомодель ачык көйнөк кийгени үчүн 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Египеттик актриса жана фотомодель Рания Юсеф 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Юсефтин соту 12-январда өтөт.

Маалым болгондой, Египет жылдызы "коомдук жайдагы этикалык эрежени сактабады" деп айыпталып жатат. Тагыраагы, ал Каир кинофестивалынын жабылыш салтанатына денеси көрүнгөн кездемеден тигилген көйнөк кийип келген. Көйнөктөн актрисанын жоон саны даана көрүнүп турган. Египет коомчулугу Рания Юсефтин бул кийимин этикага туура келбейт деп катуу сынга алып, "ыймансыз, Ислам динине каршылык көрсөтүп жатат" деген пикирлерин жазып чыгышкан.

Ал эми юристтердин тобу актрисаны коомдук жайга кийип барган мындай кийими үчүн сотко берген. Египеттин Кылмыш-жаза кодексине ылайык, Рания Юсиф 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Актриса мындай билдирүүлөрдөн кийин өзүнүн дарегине айтылып жаткан айыптарды четке кагып, ар бир адамдын өз эрки, ою болушу керектигин социалдык тармакка жазып чыккан. Ошондой эле ал кинофестивалга көпчүлүк жылдыздар ачык кийимдерди кийип келгенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Aikaaaa
2018-12-03 11:39:44
Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнөт болуп, булар жабык кийгенден тажап, а биздекилер жабык кийинебиз дешип. Айтор түшүнбөйсүң
-15
Ka2sr1
2018-12-03 12:13:04
Исламдашкан арабташкан олколордун баарында эле ушундай. Аялдарды ар тараптан кемсинтип, басынтып, малга тенеп, баскан тургандарын тескеп келишет. Молдо башкарган жер ушундай. Себеби кайсы жака барба молдолор аялдарды козомолдоп тургулары келет. Бул жакшы корунуш эмес. Бул дагы моданын бир туру. Мындай нерседен жамандык издебеш керек. Бир модель актрисанын фигурасын коро алышпай, динчилдер каматып салыптыр. Ой чиркиндер. Тескерсинче колдоп коюшпайбы.
-14
Mamiev
2018-12-03 16:32:09
Ka2sr1,Аялды кемсинтуу эмес. Кайсыл эркек аялын ачык кийинуусун каалайт. Жок албетте сен эркек болсоң аялынды башкарасын жабык кийинтесин сенден уруксат сурабай эч ээн эркин баспайт бул аял өз үй булосун жана күйөөсүн сыйлоого дегенди билдирет. Ислам динини жонундо көп окусан тууганым
+3
Kairat1996
2018-12-03 12:21:13
Ислам олкосундо аял болуп жашоо отоо эле кыйын экен. Ыйман деген шылтоо менен эртен кыздардын башына хиджаб ороп, такыр эле арабтардын аялдарына окшотуп камап салгылары келгендер канча журушот бизде. Бизге мындай стилдин кереги жок. Эгипеттин эркектери журушот го, анык бузукулар ошолор. Аларды камаган киши барбы.
-9
kechirmeni
2018-12-03 12:26:25
Исламга чейин адамдар кыздарын тируулой комчу,аялдарына айтышчу баланчага барып жатып кел сулуу адам ошодон урук алабыз деп. Ислам дининдей аялдын ордун жогору койгон дин жок,керек болсо Бейишти энелердин таман астына коюп койду,аялдардын Исламдагы ордун терен окусанар анан тушуносунор, анан окуп окубай эле ар нерсени суйлой берген жакшы эмес. Ким аялдарга жакшы мамиле кылбаган адам ал исламдан алыс. Ислам эрежелерин сактабагандыктан бул аял балээнии башына уйду.
+12
Aikaaaa
2018-12-03 15:56:41
kechirmeni, ал да арабдардын жомогу
-7
kechirmeni
2018-12-03 16:15:27
Aikaaaa,Жомок деп журо бергиле анан олгондо реалдуулук башталат
+8
dinar-87
2018-12-03 12:33:32
Бизде да ушинтсе элдин 50%сотолуп кететко .
+9
kechirmeni
2018-12-03 12:46:40
dinar-87,Бизде пока мынчалык эмес, Кудай сактасын
-6
Altyn10076
2018-12-03 14:51:02
kechirmeni,Мынча эмес дёсен жайкысын ысык колго баар
+5
kechirmeni
2018-12-03 16:18:18
Altyn10076, Кол деп эч ким айткан жок,Кол менен кинофестивалдын жабылыш салтанатынын аземинин айырмасы асман менен жердей, бизде фестивалда эч ким мынтип кийинип келген эмес деп айттым
+1
Mirlan27011987
2018-12-03 13:00:01
Мунун тубундо коро албастык жатат. Коро албагандар моралист боло башташат. Калп Ыймандуу боло башташат. Озу кызыкпаган нерсени башкаларга жаман кылып коргозо башташат. Элдин башын айланта башташат. А так сулуугунда кеп жок экен, отлично. Фигура супер!
-10
jashoonu-suiup-jashagyn
2018-12-03 14:30:55
Исламдашкан мамлекетте жургондон кийин ошолордун тартибин сакташ жарым жыланач чыгып элден башкаа болуп бир нерсе болуп кеттинби сага ырас чала болот !!!
+4
AIZAD
2018-12-03 17:36:41
Бултук кыз экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан