"Сүйүнчү! RAVON NEXIA R3 унаасын утуп алдыңыз!" деген жагымдуу кабарды угуп калышыңыз толук мүмкүн

Кыргыз өлкөсүнүн отун-энергетикалык секторунда бараандуу орду бар «Партнер нефть» компаниясы кардарларына жагымдуу акция сунуштайт. "Сүйүнчү" деп аталган акциянын алкагында компаниянын кардарлары RAVON NEXIA R3 үлгүсүндөгү 2 унаага жана башка миңдеген байгелерге ээ боло алат.

Компаниянын өкүлдөрү мындай иш-аракеттер менен керектөөчүлөргө жагымдуу маанай тартуулоону көздөйт. Бул боюнча бир катар суроолорго жооп алдык.

Адегенде керектөөчүлөргө акциянын шарттары тууралуу түшүндүрүп берсеңиз?

- Акцияга катышуу үчүн ушул жылдын 1-ноябрынан тартып 2019-жылдын 31-мартына чейин "Партнер Нефть" компаниясынын май куюучу тармактарынан күйүүчү майдын каалаган түрүнөн 100 литрге чейин май куюу керек. Анын чектерин сактап, 100 литр куйгандан кийин топтолгон чектерди акциянын катышуучусу купонго алмаштырат.

Купондогу скретч-тилкеде байге көрсөтүлсө, утуш дароо май куючу жайдан берилет

Купон кандай шартта пайдаланылат?

- Катышуучу купондун атайын белгиленген бөлүгүн толтуруп, май куюучу тармактарга орнотулган айнек урналарга салат. Анын идентификациялык номери жазылган негизги бөлүгү катышуучунун өзүндө калат. Купондо скретч-тилкелер да бар, атайын жашырылган каттамдын алдында утуш бар экендиги (же жок экендиги) көрсөтүлгөн. Скретч-тилкени сүрткөндөн кийин кардар кандай утуштарга ээ болгонун билет. Эгер анда кайсы бир утуш бар экендиги көрсөтүлсө ага май куюучу жайдан эле дароо белеги тапшырылат.

Утуштун унаа жана башка баалуу буюмдар ойнотулган бөлүгүн өткөрүү кандай жүргүзүлөт?

- Купондун бир бөлүгү лототронго салынып, айландырылат. Финалдык утуш 2019-жылдын апрель айында саат 19:00дө "НТС" телерадиокомпаниясынын түз эфиринде берилет. Жеңүүчүлөр байгелерин финалдык утуштар ойнотулгандан кийин 3 ай аралыгында алып кетсе болот.

Кардарлар эске ала турган жагдайлар да бар болсо керек?

- Ооба, баары так жана туура болуш үчүн айрым эске алчу жагдайларды айта кетүү керек.

  1. Купондун акцияга ойнотула турган бөлүгү айрылып, булганып калса ал утушка катыша албайт.
  2. Акциянын уюштуруучулары утушту уюштуруунун мөөнөтүн жана убактысын өзгөртө алышат.
  3. "Партнер нефть" май куюучу жайларынан күйүүчү май ушул жылдын 1-ноябрына чейин жана 2019-жылдын 31-мартынан кийин алынган болсо, ал чектер купон алууга жарабайт.
  4. Күйүүчү май үчүн талондору, карталары барлар жана юридикалык жактар катыша албайт.
  5. "Байгенин ордуна акчасын эле бериңиз" деген суранычтар аткарылбайт.

Дароо бериле турган байгеге ээ болгон кардарларБайге фонду:

* RAVON NEXIA R3 үлгүсүндөгү 2 унаа,

* 10 сыналгы,

* 10 муздаткыч,

* 10 кир жуучу машина,

* 10 мобилдик телефон,

* 10 чаң соргуч.

Ордунан бериле турган байгелер:

  • 5 литр күйүүчү май - 1000 катышуучуга,
  • 10 литрден күйүүчү май - 200 катышуучуга,
  • XIAOMI REDMI 6 A - 40 даана,
  • видеорегистратор - 80 даана,
  • Унаанын ичине телефонду тирөөч - 100 даана,
  • Буу үтүгү - 130 даана,
  • Электр чайнеги - 150 даана,
  • Фонарик - 200 даана,
  • Мультитул - 100 даана,
  • Акция боюнча кошумча купон - 5000 даана,
  • Кока-кола (0,5 л) - 5000 даана.

Акциянын утуштарынын жүрүшү боюнча кенен маалыматты 1866 кыска номурлары аркылуу же www.partner-neft.kg ушул шилтеме аркылуу кирип билсеңиз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан