"Делбирим" тасмасынын актёру: "Тасма эки өлкөнүн достугун бекемдейт"

Кыргыз-өзбек биргеликте тарткан "Делбирим" тасмасы тууралуу бүгүн, 4-декабрда маалымат жыйын өтүүдө.

Жыйынга Өзбекстандын популярдуу актёру, "Делбирим" тасмасында Байтемирдин ролун аткарган Улугбек Кадыров, актёр Матьякуб Матчанов жана Аселдин ролун аткарган Мадина Талипбек жана тасманын продюсери Паризат Жакыпбекова катышууда.

"Биз ойлогон максаттарга жеттик. Эртең жалпы кыргыз эли тасма менен таанышканы турат. Бул тасманын жарык көрүшүнө салым кошкон эки өлкөнүн чыгармачыл инсандарына рахмат", - деди Паризат Жакыпбекова.

Ал эми Өзбекстандын эл артисти Матьякуб Матчанов бул тасма эки өлкөнүн достугун бекемдеген тасма болорун жана ал жогорку деңгээлде тартылганын баса белгиледи.

"Мен кыргыздан чыккан актриса Мадина Талипбекти алган сыйлыгы менен куттуктайм. Ал ролун абдан жакшы ойногон. Биз ага мыкты баа бердик", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2018-12-04 10:52:10
Куттуктайм!Бирок Асельдин ролуна Элина,Элинаныкына Асельди коюшса болмок,жана балдарды да алмаштырса болмок Ильяздын ордуна Улугбекти деп ойлойм.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан