"Делбирим" тасмасынын продюсери Паризат Жакыпбекова киного эмне үчүн актрисалар кыргыз тараптан тандалып алганын түшүндүрдү.
Жакыпбекованын айтымында, "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасы тасмада эч өзгөртүлбөй чагылдырылган.
"Биз өзбек кинематографиясына кино тартуу боюнча кайрылганыбызда алар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан тасма тарталы деген сунушту айтышты. Биз да колдодук. Эмнеге "Делбирим?" Анткени тасмада сүйүү бар, ал эми сүйүү деген бүтпөгөн тема эмеспи, биз дагы алгачкы тасманы сүйүүдөн баштоону чечтик. Ошол себептен ушул тасма тартылды.
Тасмага кыргыз актрисалары жана өзбек актёрлору тандалганда кыргыз мырзалары кызганыч менен карашты. Чынын айтканда мага карата коркутуулар да болду. Эми биздин жазуучубуз чыгарманы улутка бөлүп жазган эмес. Балким, келечекте бул кинодогу баш каармандын ролун америкалык актёр, актрисалар жаратышы мүмкүн. Андыктан ызы-чуу жаратуу туура эмес деп ойлойм. Аселдин ролуна 50гө жакын актрисалар кастингге келишкен. Иргелип жатып аягында эки гана актриса калган. Аселдин ролун профессионалдуу бардык жагынан төп келген актриса ойношу керек болчу. Тасманын режиссёру Сарвар Каримов кастингди өз көзөмөлүнө алып, эки тараптын көркөм кеңешинин тандоосу менен Мадина Талипбек тандалды.
Ал эми "Элина Абай кызы эмнеге Аселдин ролун жараткан жок" деген суроолорго жооп бере кетсем, Элина Абай кызы, биринчиден, Кадичанын ролун абдан мыкты деңгээлде аткарды. Экинчиден, бул ролго Элинанын жашы туура келген жок. Ал да Аселдин ролуна кастингге келген, бирок жаш көрүнгөнү менен тасмада Аселдин жаш кезиндеги образына туура келбей калмак. Бул жагына басым жасалганда Мадинанын курагы да туура келип тандалды. Бирок Элина бул жолку тасмада терс каарманды аткарып, дагы бир жолу профессионалдуулугун көрсөтө алды десек болот.
Ташкентте "Делбиримдин" бет ачары болуп жатканда режиссёр Сарвар Каримов мага келип "Мен Мадинадай актрисаны Өзбекстанда таба алышым мүмкүн беле? деп суроо салды. Ал сөздү мен Мадина "Мыкты актриса" деп аталгандан кийин түшүндүм", - деди Жакыпбекова.