Өзгөчө балдар үчүн “Dordoi-Plaza 2де” кубанычтуу майрам өттү

3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү. Дал ушул күндү утурлай борбор калаадагы “Dordoi-Plaza 2” ири соода түйүнү Свердлов райондук администрациясы менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук иш-чара өткөрдү. Аталган соода түйүндөгү “Мамалак” балдар аянтчасына ата-энелери менен келип, чогуу ойноп, чер жазган балдардын кубанычында чек жок. Оюндун кызыгына баткан балдардын сүйүнүчү көздөрүнөн байкалып турду. Көпчүлүгү мындай жайга биринчи жолу келгенине карабастан өздөрүн эркин сезип, бири-бири менен достошууга үлгүрүштү.

Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын акиминин орун басары Борбашева Чынара мындай иш-чараларды байма-бай уюштуруп турарын айтты.

“Биздин администрация жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө дайыма кайрымдуулук иштерин өткөрүп турат. Бул ирет “Dordoi-Plaza 2” соода борборундагы “Мамалак” балдар аянтчасында өткөрүп жатабыз. Эки мекеме биргеликте өткөрүп жаткан кайрымдуулук иш-чарага социалдык жардамга муктаж балдар атасы, апасы менен келишти. Учурда 50дөй бала көңүл ачып жатышат”.

Ал эми муңайган балдардын көңүлүн көтөрүүнү камсыздаган “Мамалак” аянтчасынын менеджери Фархат Каниметов бүгүнкү иш-чара тууралуу буларга токтолду.

“Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген конокторду тосуп, кызыктуу оюн өткөрүп жатабыз. Эң башкысы балдарга биздин аянтча жагып, дагы келе тургандарын билдиришти. Анткени биздин балдар аянтчасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ыңгайлуу бөлүмдөр бар. Балдар ата-энеси менен чогуу кирип ойной алат. Балдардын шартын эске алып, оюн талааларындагы шаймандарды бийик кылган эмеспиз. Ошондой эле атайын окуудан өткөн инструкторлор көзөмөлдө жүрүштү”, - деди ал.

Уулунун күлкүсүн көрүп, кубанычын жашыра албаган Анара Баялиева 12 жаштагы баласы менен келген. Ал: “Менин балам психикалык жактан жабыркайт. Бизге социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан ар кандай жардамдар көрсөтүлүп келет. Ал эми бүгүнкүдөй иш-чарага быйыл экинчи ирет катышып жатабыз. Кайрымдуулук иш-чараны уюштургандар Бишкек шаарындагы “Мамалак” балдар аянтчасын тандаганына кубанып жатам. Анткени буга чейин да уулумду ушул оюн аянтчасына алып келгем. Балама аябай жаккандыктан жабылганча жүрө берчүбүз. Кайрадан келип отурганына уулум дагы кубанып жатат”, - дейт ал.

“Dordoi-Plaza 2” соода борбору өзүнүн ишмердүүлүгүндө райондук администрация менен биргеликте мындай өңүттөгү кайрымдуулук иштерди өткөрүп келген. Мындан ары дагы кайрымдуулук иштерди жасоону уланта берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан