Өзбек актёру Улугбек Кадыров: "Делбирим" тасмасын көрө элекмин. Биринчи жолу Бишкектен көрөм"

Өзбек актёру Улугбек Кадыров "Делбирим" тасмасын биринчи жолу эртең Бишкектен көрөт. Актёр мындай билдирүүнү бүгүн, 4-декабрда өткөн пресс жыйында айтты.

"Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартылган тасмада Байтемирдин ролун аткарып жатканыма кубанычтамын. Мен өзбек элинин атынан сиздерди да куттуктайм. "Делбирим" тасмасынын Ташкент шаарында болгон бет ачарына ден соолугума байланыштуу бара албай калгам. Эми тасманы Бишкек шаарынан көрөм", - деди ал.

Ошондой эле "сизге дагы кыргыз киносуна тартылуу боюнча сунуштар түшүп жатабы?" деген суроого актёр жооп берди.

"Жок, азырынча сунуштар боло элек. Себеби "Делбирим" тасмасы Кыргыз жергесинде эртең көрсөтүлөт.

Мен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын институтта окуп жүргөндө агайымдын сунушу менен окуп калдым. Мага "Жамийла" повести абдан жаккан. Аны ушунчалык эргүү менен окугандыктан жыл бою ошол повест тууралуу ойлонуп, бир башкача дүйнөдө жүргөм. Ошондой эле "Кызыл жоолук жалжалым" повестин да окуп, өзүм ушул чыгармада роль жаратып каларымды билген эмесмин", - деди Улугбек Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
FC-Abdish-ata
2018-12-04 14:14:48
Крассавчик
+15
Janna07
2018-12-04 15:00:45
Мен суйгонн актер
+11
naida81
2018-12-04 15:15:26
Janna07,эми бул билдируулорду эркектерибиз окуса бизди бир келесоо кылып салышат, кумир, фанат деген нерселерге тушунбой, оздору болсо башка актирасаларды коргондо шилекейлери агып, кокурок жамбашына суктанып крышалары жылып кеткени менен иштери жок, болгону бул актер таланттуу актер, чыгармачылыгына ийгилик
+7
bahabaike
2018-12-04 19:26:45
naida81,Андай эмес мен деле билем бул актерду дана сыйлайм, актер катары.
+3
naida81
2018-12-04 15:11:53
мен да суйом да
+3
Sogushov
2018-12-04 15:34:53
naida81,))))))))
+3
engel
2018-12-04 17:17:28
Уй булосу барбы ушул актердун? Мен да жакшы корооом! ))))
+2
Gulnyr19
2018-12-05 02:42:18
Мага да жагат
+2
anandi
2018-12-06 01:37:19
мага да жагат чыныгы талант
0
nargis
2018-12-06 19:24:49
Озбек актриса табылбай калыптырбы )))
0
Pamirlan
2018-12-06 22:48:00
Супер Инфо гезинине сунуш Ч.Айтматовдун чыгармаларында тасмада роль ойногон актерлордон интервью алгылачы азыркы суротторун' жашоолорун жазгыла.
0
admin_superstan
2018-12-07 07:58:37
Pamirlan,
Саламатсызбы, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан