ЭЛДИК ВИДЕО: "Кыздардын канжалаган мушташы. Арачы болгон эч ким жок"

Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кыздар канжалаганча мушташып, карап тургандар бөлүштүргөн жок" деген видео жүктөлдү.

Бул видео социалдык тармактарга да тарап, учурда колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынууда. Видеодон 2 кыздын мушташын, бири экинчисин сабап, канжалаганча үстүнөн түшпөй уруп жатканын көрүүгө болот. Айланада бир топ адамдар бар экендиги алардын сүйлөп жатканынан билинет, бирок арачыга түшпөйт. Аягында токмоктолуп жаткан кыздын оозу канап, жанындагылардан аны сабап жатканды үстүнөн алып кетүүсүн суранган. Бирок эч ким аларды бөлүштүрүүгө дааган эмес.

Интернеттеги айрым комментарийлерге караганда, кыздардын бул мушташы Ош шаарында болгон. SUPER.KG порталы бул боюнча тиешелүү тараптан маалымат алат.

Буга чейин Ошто мурда эки жолу соттолгон 16 жаштагы кыз мектеп окуучусун сабоого шектелип кармалган.

Кыздардын канжалаган мушташы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
madina.87
2018-12-04 13:03:57
Тарбия жок,бапрынын ата-энеси акча деп талаалап жүрүп, балдарга тарбия жетишсиз,же интернет телефондун пайдасы...Жашообуз оңолгон сайын, коомубуз бузулуп баратат!Бул тарбиянын жетишсиздиги.Каттуу жазалаш керек мына кыздарды.Кантип эне болот булар,өтө өкүнүчтүү ((((((((
+4
VIP_
2018-12-04 13:12:39
И смех и грех деген ушу экен да
+1
nur0202
2018-12-04 13:55:54
ХХХХ ушинтип мушташкандардын
0
admin_superstan
2018-12-04 14:04:21
nur0202, провокациялык маанидеги билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Dembele84
2018-12-04 13:59:48
Шаардагы озбек маалада мушташкан бейм булар.Чон аялдардын голостору озбекче чыгып атат.
+2
altyn7776
2018-12-04 14:27:51
Баары телефонго тартып алайын деп жанталашат. Акмак эле калк болдук го. Садыр Жапаровду камаганда да бааоы телефонго тартып журушкон уруп аткандарга режиссер болушуп...
+3
Marsel979797
2018-12-04 18:42:26
Ээх окунучтуу кысчу жерди кысып эле журбойсунорбу !!! ХХХХ...
0
Marsel979797
2018-12-04 18:46:34
Бул жашоодо эч бир Адам бирине бирине муктаж эмес кечирим суратгыдай... Тообо келтирип жараткандан кечирим сурагыла акылсыздар
0
Matahara1980
2018-12-04 18:51:14
Башынарды жегиле кыз болбой , башка соз жок
+1
Totyua.71.
2018-12-04 20:27:26
Бул кыздарды таап,ата-энелерине штраф төлөтүш керек!!!!Ушул кыздардан келесекте. кандай энени кутобуз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан