"Түндүк" бажы бекетинин кызматкерлери кармалды" деген маалыматты Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы четке каккан да, тастыктаган да жок

Интернетте "Түндүк" бажы бекетинин жетекчисинин орун басары Элнура Мамбетжунушева жана статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Умукеева кармалгандыгы тууралуу маалымат тарады. Маалыматта айтылгандай, кармалган кызматкерлер бажы төлөмдөрү тууралуу жасалма документтерди берүүгө шектелип жатат.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы аталган маалымат боюнча азырынча комментарий берилбей турганын билдиришти:

"Азырынча бажы бекетинин кызматкерлеринин кармалгандыгы тууралуу маалыматты тастыктай албайбыз, четке да какпайбыз. Бул тууралуу кеңири маалымат кийинчерээк берилет", - деди мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур.

Ал эми Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз катчылыгы иликтөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат берилбей турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aikaaaa
2018-12-04 15:23:42
Ушинтип туруп, дым дым болот да. Азыр мамлекеттик чоң кызматта иштегендердин бири да таза эмес, сен мага тийбе, мен сага тийбейин болуп калган
+2
erkeleim
2018-12-04 17:51:52
Сокеден сурап анан жооп беришет. Жок десе четке кагып, ал турган ишда
0
Sahka
2018-12-05 00:01:30
Же соода болуп батат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан