Жакында чоң экранга Кыргыз жергесинде тартылган "Чым-Коргондук качкындар" тасмасы чыгат. Аталган тасма элге тартууланбай жатып чуу жаратты. Тасманын жаратуучуларын чым-коргондук тургундар коркутуп жатканын продюсер Бакыт Аскеев SUPER.KG`ге билдирди.
"Биз тасманы ушул жылдын октябрь айында тартып баштаганбыз. Фильмди тартып бүтүп, афишасын 3-4 күн мурда социалдык тармактарга жарыялаганбыз. Биздин жарыядан кийин коркутуу түрүндөгү каттар келип, телефон чалуулар башталды. Бизди "Тасманын аталышын өзгөрткүлө, жер тоголок, таап алабыз" деген өңүттөгү каттар келип жатат. Мындай каттарды жибергендер өздөрү Чым-Коргон айылынын тургундары экенин айтышты. Тасма комедия жанрында тартылып, анда жиндиканага жатып, ал жактан качууга аракет кылган киши тууралуу баяндалат. Мен нааразы болгондорго сценарийди толук түшүндүрүп жазганга аракет кылдым. Бирок жергиликтүү тургундар тасманын аталышын өзгөртүүнү талап кылып жатышат. Биз Чым-Коргондун жашоочуларын капа кылалы деген эмеспиз. Тартуучу топтун атынан кечирим сурайбыз. Бирок коркутуу болуп жатат деп эле тасманын аталышын өзгөртө албайбыз. Алгач биздин эмгекти көрсүн, згер ошондо дагы ойлору өзгөрбөсө, анда аталышын өзгөртөбүз", - дейт ал.
Ал эми нааразычылыгын айтып чыккан айыл тургундарынын бири Улан Бейшеев бизге буларды айтып берди.
"Биздин айылдын тарых-таржымалын билбей туруп жергиликтүү жашоочулардын аброюна шек келтирип, айылыбыздын атын булгап жатканы үчүн тартуучу топко нааразыбыз. Тасма жиндиканага жаткан киши тууралуу экен, аталышы "Чым-Коргондук качкындар", орусчасы "Побег из Чым-Коргона" экен. Котормосу дагы туура эмес. Биздин айылга Советтер Союзунда жиндикана салынган. Эми ошол жиндиканадагы окуяны биздин айылдын аталышы менен байланыштырып, элдин оюн бурмалоонун эмне кереги бар? Айылда 6 миңдей түтүн жашайт.
Бүтүндөй айыл эли нааразы болгондуктан, бүгүн, 4-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго жолугуп келдик. Министр биздин маселени чечип берерин айтты", - деди Бейшеев.
Чым-Коргон айылынын тургундары тасманын аталышын өзгөртүүнү талап кылып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылган. Министрлик учурда бул маселе боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.
"Бул чуулгандуу маселе экен. Бүгүн Чым-Коргон айылынан тургундар келип, бизге маселенин чоо-жайын түшүндүрүп кетишти. Азыркы тапта тактоо иштери жүрүп жатат. Ошондуктан толук маалымат берүү мүмкүн эмес", - дейт басма сөз кызматынан.