Аялдын колу – анын визиттик карточкасы. Келгиле, маникюр жөнүндө сүйлөшөбүз

Маникюр үйрөнүү үчүн аз каражат сарптап билим алуу менен бирге иштеп акча тапса да болот

Азыркы жашоодо бир эле кесип же билим менен чектелип калуу мүмкүн эмес. Тактап айтканда, мурдагы эски кишилер китепканачы, экономист же эсепчи билимине ээ болуп, өмүр бою бир мекемеде иштеп пенсияга чыгып кетишкен. Бүгүнкү турмуш агымы такыр башка. Сиз банкта иштеп, бирок эс алуу күндөрү маникюр же макияж жасап кошумча каражат тапсаңыз болот.

Визаж, маникюрдун бардык түрлөрү, чач тарач – колорист, чач жасалгалоо, укалоочу, кирпик улоо, татуаж-перманенттик макияж, татуировка, косметолог-эстетист, каш боюнча адис, спа-процедуралар, кирпикти ламинациялоо, стилист-каштын визажы.

Дал ушул багыттарда мыкты адистерди даярдап, диплом-сертификаттар менен күбөлөндүрүп, ал тургай жумуш орундары менен камсыз кылган “Диадема” сулуулук академиясында маникюр багытындагы маалыматтар менен бөлүшөбүз.

Эгер адам жогорку билим алуу үчүн орто эсеп менен жылына 50 миң сомдой контракттын акчасын төлөп, 5 жыл аралыгында 1 кесиптин ээси болуп чыкса, “Диадема” академиясында 1,5 айдын ичинде даяр адис катары билим алып чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

“Диадема” сулуулук академиясы эскертет: "Маникюр жасатып жатып коркунучтуу оору жугузуп аларыңызды билесизби?"

Көз жоосун алган маникюр жасатып жатып коркунучтуу оору жугузуп алуу мүмкүн экенин билесизби? Ошондуктан мастердин иш ордуна барганда эле алгач анын шаймандарына көңүл буруу керек. Лактардын түстөрүн, дизайн тандап отура бербестен сөзсүз түрдө ал шаймандарын кандай тазалыкта кармайт, ар бир процедура сайын куралдарын тазалап, дезинфекция кылып турабы, кылдат көз салып туруу керек. "Диадема" академиясында окутуу дал ушул жөнөкөй жана эң маанилүү кадамдан башталат. Дагы бир эске ала турган жагдай - мастердин баарлашуусу. Андыктан мастер өз кызматын аткарып бүткөнчө кызыктуу маектеш болуп берүүсү өзүнчө артыкчылык. Академияда дал ушул эң жөнөкөй нерсе – баарлашуу маданиятынан өйдө үйрөтүлөт.

Качандыр бир кезде маникюр чебери катары акча табууну ойлондуңуз беле?

“Диадема” академиясынан алгач сиз маникюрду окуу үчүн базалык курсту болжол менен 10 000 сомдун айланасындагы каражат төлөө менен окуйсуз. Анда классикалык боёо, тырмактагы ашыкча эттерди кесүү, кам көрүү, топту колдонуу, френч жана башка баштапкы билимге 1 айдын ичинде ээ болосуз. Мындай көндүм менен сиз кардар тейлеп, салондордо иштей берсеңиз болот. Эгер убакытты көбүрөөк сарптап, профессионалдуу билим алгыңыз келсе, 1,5 айлык курска жазылуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан базалык курска кошумча тырмакка сүрөт тартуу, страза жабыштыруу, ар кандай дизайндын түрлөрүн үйрөнүү сыяктуу сапаттуу билимге ээ болосуз. Буга болжол менен 17 000 сомдун айланасындагы каражат төлөнөт.

Мындан башка бардык ушул көндүмдөрдү бириктирип бир курста билим берүүчү VIP курсу бар. Сиз анда мурдагы алган билимиңизди тереңдетип жана керектүү шаймандар: топ, гель лактын ар түрдүү түстөгү топтомдору, кургатуучу лампа, столдун үстүнө жарык берүүчү лампа жана шаймандарды стерилдөөчү жабдыктар менен барасыз. Ошондо сиз шайман жана лак топтомдорун алууга жана билим алуунун акысын төлөө үчүн болжол менен жалпы 50 000 сом коротсоңуз, окутуу учурунда жана аны аяктаган соң аз убакыттын ичинде сарптаган акчаны иштеп чыгарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

Ошондой эле академияда мезгил-мезгили менен ар түрдүү акциялар жүрүп турат. Мисалы, 2019-жылдын январь айында маникюр боюнча билим алууну каалагандар үчүн жазылуу арзандатуулар менен жүргүзүлүүдө. Тырмак боюнча адистик ар дайым талап жарата турган эскирбес билим болуп калат.

“Диадема” сулуулук академиясынын дареги:

Бишкек шаары, Юнусалиев көчөсү 87. ☎ 0312 90 26 66.

АКАДЕМИЯ №1 "ДИАДЕМА"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан