Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен районунда 1, Таласта 1 өрт кырсыгы катталган.
Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда Набережный көчөсүндө жолдо токтоп турган ВАЗ-21150 үлгүсүндөгү унаанын салону жана арткы эки дөңгөлөгү күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.