Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаарында 5 кабаттуу, ичине 300 машина бата турган унаа токтотуучу жай ачылды.
Акыркы жылдары борбор калаабызда унаанын саны көбөйүп, шаардын борборунда гана эмес, четтеринде да унаа койгонго орун табуу бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Мындай көйгөлүү маселени алгачкылардан болуп “Дордой" ассоциациясы чечүүнү колго алып, борбор калаада биринчилерден болуп көп кабаттуу заманбап унаа токтотуучу жайды курган.
5 кабаттуу унаа токтотуучу жай "Дордой Плаза" соода жана көңүл ачуу борборунун артына ачылды. Анын ачылышына "Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков, Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Турат Айдаров, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын архитектору Азимбек Ибраев, шаар тургундары жана ишкерлер катышты.
“Бүгүн көп кабаттуу унаа токтотуучу жай эксплуатацияга берилди. Мындай жай Бишкек шаарында алгачкы жолу ишке кирип жатат. Бул жай “Дордой Плаза” соода борборунун айланасындагы инфраструктураны жогорку деңгээлге чыгарат. “Дордой Плаза” соода борборунун имаратынын алдында мындан тышкары дагы 300 унаа бата турган жай, “Дордой” комплексинин айланасында дагы 200дөн ашуун орунга ылайыкталган орун бар. Эми муну менен унаа токтотуучу 3 жайга 800-1000 унаа бата турган болду”, - дейт Аскар Салымбеков.
"Дордой соода үйү" ЖЧКсынын башкы директору Улукбек Салымбековдун айтымында, 5 кабаттуу унаа токтотуучу жайдын ар бир кабатына 60тан унааны жайгаштырса болот. Жалпы 300 орундун арасынан 10 орун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган. Ошондой эле айдоочулар үчүн 12 адам бата турган лифттер салынган.
"Курулуштун жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзөт. Бул жай алгач биздин кардарларыбыз жана ижарачылар менен жакынкы турак жайларда жашагандар үчүн салынган. Биз унаа токтотуучу жайлардын жоктугу эң негизги көйгөлөрдүн бири деп эсептейбиз. Ошондуктан көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу мындай маселелерди жоёт деп ойлойбуз. Биздин соода жана көңүл ачуу борборубуздун ишмердүүлүгү жогорку деңгээлде болушу үчүн унаа токтотууга шарттар болуусу зарыл. Бул көп кабаттуу унаа токтотуучу жай биздин артыкчылыгыбыз деп эсептейм. Анткени шаарыбыздын борборунда мындай жай башка жерлерде жок", - деди Улукбек Салымбеков.
Аталган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай күнү-түнү кайтарууга алынып, видеокөзөмөл менен камсыздалган. Унааны токтотуу баасы 50 сом. Улукбек Салымбековдун айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан акы алынбайт.