Америкалык ырчы Рианна күйөрманынын айынан Лос-Анжелестеги хан сарайын сатууга мажбур болууда

Америкалык ырчы, актриса жана продюсер Рианна күйөрманынын айынан Лос-Анжелестеги 3 кабаттуу хан сарайын сатууга мажбур болууда. Батыш маалымат булактары ырчы бул үйдү 1 жыл мурда алганын жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, бир нече ай мурда ырчынын үйүнө белгисиз адам кирип, ал үй ээси кайтып келгенче аны 12 саат күтүп отурган. Рианна үйүнө келген учурда белгисиз адамды көрүп, бул тууралуу полиция кызматкерлерине кабарлаган. Ал эми үйгө кирген адам 27 жаштагы Эдуардо Леон экени аныкталган. Леон полиция кызматкерлери кармаган учурда ырчынын күйөрманы экенин, аны менен жолугуу үчүн үйүндө күтүп отурганын айткан. Ошондой эле ал коопсуздук системин оңой эле бузуп киргенин билдирген. Бул окуядан кийин ырчы күйөрманынан алыс болуу үчүн Лос-Анжелестеги үйүн сатыкка койгон.

Рианнанын хан сарайында 2 конок, 6 уктоочу, 10 жуунуучу бөлмө, ашкана бар. Мындан тышкары 6 кишиге ылайыкталган кинотеатр дагы орун алган. Хан сарайдын арт жагында бассейн жайгашса, калган бөлүгүнө бак тигилген.

Ырчы бул үйдү 1 жыл мурда 6 миллион долларга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Matahara1980
2018-12-05 17:21:57
Абдан жагат Риана
-4
ekaterinburg
2018-12-05 17:22:43
Болсо"беш"болбосо"он беш"деп кирген экен да кайран Эдуард братишка.
+9
Defend.
2018-12-05 17:40:06
2 конок үйү, 10 жуунучу бөлмө дейт, целый баня го үй эмес эле
+11
Jin1209
2018-12-05 17:40:55
Е моееее 1 миллион сомум эле болсо кана эле
+6
Benazir08
2018-12-05 18:02:31
Ото соонун экен ушундай уйдооо бала чакан тууган уругун мн сыйлашыып жашасан гана эээх. Бизге да насип этсин а Рианнада эр барбы жокпу жалгыз бой аялга мындай уй кызык деле болбосо керек
+7
Sagyn.91
2018-12-05 19:07:59
Benazir08,
Бала Чака болбосо кимге бар мындай уйдун. Балалуу Уй базар, баласыз уй мазар деп коет. Просто коргозмо сыяктуу турат да.
+1
Merelisha
2018-12-05 19:44:32
комменттер хаха го озунчо. :)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан