"Чалдыбар" бекетинин 2 тескөөчүсү паракорлукка шектелип кармалды

Чүй облусундагы "Чалдыбар" ветеринардык жана салмак бекетинин кызматкерлери паракорлукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери республиканын транспорттук контролунун пункттарындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоо, бөгөт коюуга багытталган ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада бир катар мыйзам бузуу фактылары катталып, 1-декабрда ветеринардык, фитосанитардык контролдун тескөөчүсү жана салмак көлөмдүк контролдун улук тескөөчүсү кылмыш убагында кармалышкан. Чүй облустук прокуратурасы кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-берененин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-берененин 1-бөлүгүнө (олпузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш ишин козгогон.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

"Чалдыбар" бекетинин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Beka9393
2018-12-05 23:12:26
ЭККККда (эканомикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы) иштегендер күйгүздүго болбогон нерсе үчүн деле кармап.
Милиондогон акчаларды уурдап жеп жаткан ак үйдөгүлөрдү кармай алышпайт көрбөйт дагы.
0
amirrus
2018-12-06 10:24:52
куйдуросунор го даяр кармалган ууруларды толотсонор мындай коро ТЭЦтин акчасын,келип келип майда чуйдо бечараларды баса калбай...
0
amirrus
2018-12-06 10:26:45
тоок уурдасан 7жыл ,Адам олтурсон 8жыл,1000сом пара алсан жатак абак,1000000 уурдасан уй камак ...Мына биздин мыйзаи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан