Ырчы Алмаз Шаадаев көчөдөгү кыздардын уюлдук телефонун "уурдап" качты. Тактап айтканда, ал SUPER TV уюштурган берүүгө катышып, журналисттердин тапшырмасын аткарды.
Алгач эл өтүүчү өтмөктө туруп алып ырдап, жанынан өткөндөрдөн акча сурап, андан соң ашканалардын бирине кирип кыздар менен таанышып, андан соң көчөдөгү адамдардын телефонун алып, артты карабай качты.
Биринчи жолу мындай тапшырмаларды аткарып жатканын айткан ырчы өзүн кылмышкер катары сезгенин айтты.
"Тапшырмаларды аткаруу оор болду. Өзгөчө бирөөнүн телефонун уурдап качуу аябай кооптуу экен. Мен жөнүндө кандай ойдо калды экен деп ойлонуп, өзүмдү аябай жаман сездим. Уурулук менен алектенген адамдарда жүрөк деле жок окшойт", - деди ал.
Видеону толугу менен көрүү үчүн төмөндөгү сюжетке баш багыңыз.