Жыл ичинде эң көп киреше тапкан музыканттар аныкталды. Ирландиянын белгилүү музыкалык тобу 1 жылда 118 миллион доллар тапкан

"Forbes" журналы жыл жыйынтыгын чыгарып, жыл ичинде көп каражат тапкан музыканттардын тизмесин жарыялаган. Ага ылайык, жыл ичинде 118 миллион доллар каражат тапкан ирландиялык "U2" тобу эң көп киреше тапкан музыканттардын сап башынан орун алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Экинчи орунду "Coldplay" британиялык рок тобу камсыздаган. Аталган топ 12 ай аралыгында 115 миллион 500 миң доллар киреше тапкан.

Тизменин кийинки сабынан 110 миллион доллар каражат тапкан британиялык ырчы Эд Ширан орун алган. Ал эми Топ ондукка киргендердин арасында 100 миллион доллар кирешеси менен Бруно Марс, 83 миллион доллар тапкан Кэти Перри, Тейлор Свифт, рэпер Жей Зи, Дидди жана "Guns N' Roses" тобу болгон.

Буга чейин америкалык журнал дүйнөнүн таасирдүү 100 айымдарынын тизмесин жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан