Пак Со Жун - Кореянын жаңыдан чыгып келе жаткан жылдызы. Аны шоу-бизнеске эми эле келди деп айтканга да болбойт, себеби ал өзүн 2011-жылы тасма талаасынан көрсөткөн. 2015-жылы 4 долбоор менен бир учурда иштеп, алардын ичинен 2 сериалда баш каармандын ролун жараткан. Актёр Түштүк Кореяда атактуулардын катарын толуктаганы менен, ал жөнүндө маалымат аз.
Алгач экранга 2011-жылы "Мыкты оюн" тасмасына тартылуу менен чыккан.
"Сиз үчүн идеалдуу кыз кандай болушу керек?" деген суроого ал "эгер идеалдуу сулуу кыз менен жөнөкөй, бирок боорукер кыздын ортосунда тандоо болсо, мен сөзсүз экинчисин тандамакмын" деген ал. Ал үчүн сырткы сулуулук, албетте, маанилүү, бирок жан дүйнөнүн сулуулугу андан дагы маанилүүрөөк.
Атактуунун карьерасы "Бийик кыялдан" сериалынын 2-сезонуна тартылуу менен башталган. Ушундан тарта келишимдүү жигитке экрандан көрүп ашык болгондор миңдеп санала баштайт. Алгач экинчи пландагы ролдорду ийине жеткире аткарып келсе, 2014-жылы "Жез кемпирдин акыркы махабаты" романтикалык сериалында баш каармандын образын жаратат.
"Жез кемпирдин махабатына" тартылгандан кийин 2015-жылы "Ал сулуу болчу" ("Она была красива") дорамасына тартылган. Анда "The Most" мода журналынын Нью-Йорктогу башкы кеңсесинен Кореядагы филиалын өнүктүрүү максатында келген башкы редактордун ролун ойнойт. Мекенине кайтуу менен ал кичинекей кезинде жароокерлиги менен жүрөгүн багынтып алган алгачкы сүйүүсү - татынакай Ким Хе Чжин менен жолугууну максат кылат.
Пак Со Жун корей тасмаларынын да көркүн чыгарып келет. 2015-жылы актёрдун катышуусундагы толук форматтагы 2 фильм жарыкка чыккан.
"Жамандыктын сактоочулары" тасмасында киши өлтүрүү боюнча кылмыштарды иликтеген детективдин образын жаратат.
Ал эми август айында Со Жундун катышуусундагы "Ички сулуулук" аттуу фантастикалык фильм кино сүйүүчүлөргө сунушталган. Анда таң каларлык кызыктуу адамдын ролун жараткан актёр тасмада ар таңда башкача адам болуп ойгоно берет. Бир күнү бала болуп ойгонсо, кийинки күнү абышка, башка күнү жигит, ал эми кийинки таңда кыз кейпинде ойгонот. Бул тасма Азиянын 11 өлкөсүндө жана АКШда көрсөтүлүп жогору бааланган. Пак Со Жун аталган фильмдеги ролу үчүн Кореяда эң жогору деп саналган "Атактуу жылдыз" сыйлыгына ээ болгон.
2016-жылы "Хваран: Башталыш" дорамасында баш каармандын ролун жараткан.
2017-жыл актёр үчүн жемиштүү болуп, коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган "Өз тандоом үчүн күрөшөм" дорамасына жана "Жаш тартип коргоочулар" тасмасына тартылган.
2018-жылы Пак Со Жундун катышуусундагы "Мен эми сага жолугууга барам" тасмасы жана "Катчы Ким Ми Сого эмне болду?" сериалы жарык көрдү.
2018-жылы жай айларында көрсөтүлгөн "Катчы Ким Ми Сого эмне болду?" аталышындагы комедиялык драмада баш каармандын ролун алган Пак Со Жун корей тасма легендалары Ким Тэ Ри, Ли Бёң Хёнду артта калтырып, жылдын эң сүйүктүү жылдыздарынын тизмесинин сап башынан орун алды.
Учурда элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Пак Со Жун режиссёр Ким Жу-хвандын 2019-жылы экранга коюлуучу тасмасынан роль алгандыгы белгилүү болду.
16-декабрдын жылнаамасы.