7-декабрда саат 15:00дө куудул Рахман Разыков Түз эфирде алып баруучу катары Абдылда Иманкулов менен Гүлжайна Атакановадан маек алат

7-декабрда саат 15:00дө SUPER.TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн алкагында Түз эфир орун алат. Тактап айтканда, аталган берүүнүн мурунку чыгарылышындагы катышуучулар актёр Нурдөөлөт Копоев менен ырчы Мээрим Карыпова кийинки келе турган катышуучуга журналисттик кесипти аркалоо тапшырмасын калтырышкан. Мындан улам куудул Рахман Разыков өзүн алып баруучу катары сынап, конок катары чакырылган кесиптеши Абдылда Иманкулов жана окуучусу Гүлжайна Атаканова менен маек курат.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиз дагы жогоруда аталган конокторго бергиңиз келген суроолорду узатыңыз. Сиздин суроолоруңузду Рахман Разыков түз эфир учурунда окуп, Абдылда Иманкулов менен Гүлжайна Атакановадан жооп алып берүүгө өз аракетин жумшайт.

Суроолор +996 557 47 39 39 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl10
2018-12-07 16:23:56
Туз эфир эмне болду? Бул жакка чыгарылбайбы берилген суроо-жооптор?
0
DNurgiza
2018-12-07 20:25:27
МЕн да суроо бердим эле....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан