Токтогул райондук прокуратурасы "Кыргыз почтасы" ишканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, кызматкерлердин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Кыргыз почтасы" мекемесинин Токтогул райондук филиалынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалдарынан пайдаланып почтанын кардарларынын биринин наамына салынган акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан. Аталган акча каражаты кардардын наамына мурдагы жолдошу тарабынан сентябрь жана октябрь айлары үчүн которулган алименттин акчасы болгон. Жарандардын укугун бузуп, аталган жооптуу кызматкерлер жарандарга жалпы 175 миң сом зыян келтирген", - деп жазылат маалыматта.
Чогултулган материалдар иликтөө үчүн тиешелүү органдарга берилди.