Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 39 жаштагы аял кармалды. Ал акчасын көбөйтүп берем деген убада менен 29 адамдын акчасын алып, изин жашырып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин ноябрь айында Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал тааныш аял анын ишенимине кирип, акчасын "көбөйтүп берем" деген жүйөө менен 17 миң евро акчасын алып, изин жашырып кеткенин айткан.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Б.Н. аттуу аял кармалган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө анын үстүнөн алданып калган адамдардан 29 арыз келип түшкөн. Учурда тергөө амалдары аяктап, жакынкы убакыт аралыгында сотко өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.