Дүйнөлүк Универсиада: Мылтык атуу боюнча КРнын эркектер курама командасы 12-орунду ээледи
Мылтык атуу боюнча эркектер арасындагы Кыргызстандын курама командасы Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада 12-орунда алды. Жарыш 50 метр алыстыктан жатып алып бутага атуу түрү боюнча жүрдү. Белгилүү болгондой, КРнын курама командасында Руслан Исмаилов, Ноорузбек Акбар уулу жана Аскат Токмоков бар жана мелдеш учурунда команда 1 854,3 упай алды. Бүгүн, 16-июлда тапанча менен 25 метр алыстыктагы бутага атуу боюнча кыргызстандык спортчу Бактыгүл Махмадова жарышка чыгат.