Бишкекте окуучу кызды алдап сөйкөсүн чечип алган 19 жаштагы эки кыз кармалды

Бишкекте 19 жаштагы эки кыз алдамчылык боюнча кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, Октябрь РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда кызынын кулагындагы алтын сөйкөсүн белгисиз эки кыз чечип алып качып кеткенин жазган.

Бул факты боюнча Октябрь РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козгоп, шектүү катары 19 жаштагы М.А. жана Т.К. аттуу кыздарды кармашкан. Ошол эле учурда РИИБге жогорудагы окуяга окшошкон 5 арыз келип түшкөн. Учурда алдамчылыкка шектелген кыздар эки айга камакка алынып, тергөө иштери башталды.

Октябрь РИИБи сүрөттөгү кыздардан жабыркагандар болсо төмөндөгү номерлерге чалууну өтүнөт.

Телефон номерлер: (0553) 102-243, (0703) 00-36-00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Janyjol.86
2018-12-07 15:16:57
Эй суперчилер силер эмнеге эллин баарына тегиз карабайсынар башка эркек чон айалдар кармалса бетинер жаап койосунар да бул эки жаш кыздын жузун толук корсотосунор .мындай эркекче калыс болсонор адамдарды болбой
+17
admin_superstan
2018-12-07 15:25:49
Janyjol.86,
Саламатсызбы, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-21
evidens
2018-12-07 15:48:20
Janyjol.86,туппатурра
+13
Han1111
2018-12-07 17:31:00
Janyjol.86, туура айтасын. Чон кылмышкерлерден коркот окшойт супер инфо))
+8
Skarlett-Skarlett
2018-12-07 23:06:58
Жаш кыздар экен,туура жолго тушушот беле.Сразу сотко беришип.Жаман иш болуптур
+2
surgeon777
2018-12-08 10:11:17
Жабыркагандар болсо кайрылгыла дейт,беттери жабык болсо кантип билет именно ушулардан жабыркадыбы,жокпу?
+1
saza20
2018-12-08 11:39:47
Эмне чычалайсынар? Жаш мектеп окуучу кыздардын кулагынан алышса. Эн туура бетин коргозгон. Мага корунгон жок. Коздору жабык экен. 4 жыл болду кызыма кулагына сойко сала албай журом. Мындай окуя толтура. Аялдамадан эле алдыргандар.
0
besha
2018-12-08 13:30:26
Туугандар баардык адам жанылат,айрыкча жаш оспурум кезде, жаш секелек кыздар экен ,алардын келечеги алдыда.Ошол учун коргозбой койгон туура.Онолот деген ойдобуз.
+3
arno2008
2018-12-09 00:01:01
Улуу көч кайда барса,күчүү көч ошояка барат.Алты миллион элди алдап миллиондоп жеп атышса аларды көргөн жаш муун болот экен деп ушундай иштерге барып атышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан