“Дордой” базары өлкөбүздөгү гана эмес, дүйнө жүзүндөгү ири базарлардын катарына кирет. Бүгүн, 7-декабрда “Дордой” базарында сатуучу-эмгекчилерге арналган эстеликтин ачылышы орун алды. Аталган эстелик “Дордой” базарынын 27 жылдыгына карата тургузулду.
Эстеликтин ачылышына "Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти жана “Дордой” базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков, Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев, ишкерлер жана шаар тургундары катышты.
“Бул эстеликти мен 5-6 жыл мурун биздин ишкерлерге тургузуп берем деп убада бергем. Ишкерлер Кыргыз өлкөсүнүн эң кыйын жылдарында өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө салымын кошкон. Мына “Дордой” базарынын 27 жылдыгына карата мен берген убадамды аткарып, сатуучу-эмгекчилерге эстеликти тургузуп бердим. 1991-жылы Советтер Союзу тараганда өлкөбүздө фабрика, заводдор жабылып, дарыгерлер, мугалимдер жана башка эмгекчилер манаясыз калышкан. Ошол кезде “Дордой” базары өлкөбүздүн бир топ тургунуна жардам берип, алар “Дордой” базары аркылуу үй-бүлөсүн багып кеткен.
“Дордой” базары 1991-жылы бир жарым гектар аянтта ачылган. Ал кезде бул жакта эч нерсе жок болчу. Базардын өнүгүп кетерине эч ким ишенген эмес, иштеп жүрүп бир топ сынга кабылганбыз. Бирок биз ишти токтотпой, дайыма өнүгүүгө умтулуп, азыркы тапта 100 гектар аянтты ээлеген базарбыз бар.
2008-жылы Дүйнөлүк банк “Дордой” базарын изилдеп, дүйнөнүн 10 ири базарларынын катарына киргизген. Биз бул менен сыймыктанабыз”, - деп айтты Аскар Салымбеков.
"Дордой соода үйү" ЖЧКсынын башкы директору Улукбек Салымбеков учурда базарда 100 миңден ашуун адам иштегенин айтып өттү.
"Дордой" базарынын 27 жылдык тарыхы бар, азыр бул жакта 100 миңден ашуун адам иштейт. 1991-жылы Советтер Союзу тарагандан кийин өлкөбүздө жашоо абдан кыйын болгону белгилүү. “Дордой” базары ишкерлер үчүн куткаруучу кайык болду деп айтсак болот. Жердештерибиз мүлктөрүн күрөөгө коюп, башка өлкөлөрдөн азап тартып, товарларды ташып келишкен. Бул жактан алар соода кылып, үй-бүлөсүн багышкан. Биз эстелик орнотуу менен соодагерлерге чоң ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келди", - дейт Улукбек Салымбеков.
Сатуучу-эмгекчилерге арналган эстелик 1990-жылдардагы соодагерлерди элестетет. Ал кездеги сатуучулар Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн ири көлөмдөгү товарларды алып келип, Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына чоң салым кошкон. “Дордой” базары 27 жылда дүйнөнүн ири базарларынын катарын толуктады.