Алып баруучу Нурзат Токтосунова кош бойлуу экенин айтты

Алып баруучу Нурзат Токтосунова күйөрмандары менен кубанычтуу кабарын бөлүштү. Айталы дегенибиз, алып баруучу айым наристе күтүп жатат.

Бул тууралуу ал интернеттеги жеке баракчасына жазган. Анда: "Кудайым кут кылсын, түбөлүгүн түз кылсын, буюрса, жакында ата-апа болобуз. Көп айтпайлы, көз болбосун, бир күнү сүйүнчүлөйбүз", - деп жазган.

SUPER.KG порталы Нурзат Токтосунова менен байланышканда ал бул маалыматты тастыктап, кубанычта экенин билдирди.

"Көп айта берүүдөн коркуп жатам. Кубаныч менен кошо коркунуч болуп жатат. Ооба, наристе күтүп жатабыз. Башкасын айтпай эле турайын. Аман-эсен көз жарып алышымды тилейм", - деди ал.

Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы заманбап тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова 35 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
cholponai.e
2018-12-08 19:17:31
Аман эсен коз жарып алын, абдан кубандым.
-3
kolyn
2018-12-08 19:37:08
Максат куттуктайм братишка.Күн чечеке даңпы?
-2
Ferdews
2018-12-08 19:46:40
Опееей, тиги жогору дагы эки форумчу жаман эле урушушуптурго?Негизи мага кызык да,силер бири биринердин кыялдарынарды суроттоп жазыпсынарда, Тут вопрос рождается, аны каяктан билесинер?
-3
Feiza1982
2018-12-08 19:50:37
Бактылуу болушсун наристе жытын жыттап .
Абдан кубанычтамын жакшы жанылыгын эл мн бөлушкөнүнө .Аселдей болуп жаап жашырбай эле ачык айкын.Антпесе Самара Айгерим Анжелика айланып эле чыга беретго Супер инфого кезектешип!!!
Анда санда Сайкал мн Кубик к Айперини десерт оордуна кошуп коюп.
-1
nursiyanur
2018-12-08 22:04:34
Айгеримге чейин эле озумду карап жатам балалуу болоюн деп жатам,деп айткан элего,аман эсен коз жарып алсын.ЭКО кылдырбаппы деген ой
-6
Aselya_9105
2018-12-08 22:15:30
Кубанычтамын. Аллахым өзү колдоп, аман эсен көз жарып алсын. Дагы көптөгөн наристелердин ата-энеси болуңуздар.
-2
Busi06
2018-12-09 01:07:42
Угуп Аябай кубандым как будто озумдун боюмда болгондой коруп эле вааау деп кубанып кеттим, омуру мн болсун ылайым эсен Аман коз жарып алыныз!
-4
rysik79
2018-12-09 08:50:07
Торой элек беле?
+3
qwert12345
2018-12-09 10:55:39
Ар ким озуно денгээлине жараша соз атат, аман эсен эч ким укпай бошонуп алыныз, дени сак алты саны аман болсун
-8
aliya-leyla
2018-12-09 11:09:16
Нурзаттын кабарынан да комменттер ото кызыктук:)))
0
gul.gul
2018-12-09 20:35:15
Ар кыз, аял заты эне болууга, 9 ай курсакта которуп, бала жытын жытоого татыктуу
0
aika0906
2018-12-09 22:51:46
Суйунчулобой эле турбаптыр да 7/8 айлык болгуча.
+3
Aierke0606
2018-12-10 01:36:13
Мынча көп минус баскансыңар,душманындай болуп.Аман эсен төрөп алыңыз,наристе жытын жыттап,бактылуу эне болуңуз!
0
admin_superstan
2018-12-10 10:00:13
CEO1, Matahara1980, порталга адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. БАНга!
0
admin_superstan
2018-12-10 10:23:28
Aksy.24kg, Frunze2, Nanei, Arinsa, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга жана жеке айтышууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан