Панфилов районундук ооруканасына эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн эки жаштагы наристе чарчап калып, факты боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Назира Имангазиева баланын 42 жаштагы өз апасы аны багып жүргөн 32 жаштагы аялдын үстүнөн арыз жазуудан баш тартып жатканын SUPER.KG'ге 8-декабрда билдирди. Бирок экспертизанын жыйынтыгы менен ал аялга карата юридикалык баа бериле турганын белгиледи.
"Учурда баланын өлүмү боюнча бүт тийиштүү адамдар суралып жатат. Ал эми баланын өз апасы аны багып жүргөн аялдын үстүнөн арыз жазуудан баш тартууда. Бирок дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыгары менен юридикалык баа берилип, ал аялдын баш коргоо чарасы каралат", - деди Имангазиева.
Облустук милициянын маалыматына караганда, бала 28-ноябрь күнү ооруканага жаткырылган соң денесинде тактар бар экендиги жана апасынын таанышынын үйүндө жашап келгени белгилүү болгон. Ал аял милицияга баланын апасы ноябрь айынын башында Орусияга кетип, ошол учурдан бери багып келгенин жана керебеттен түшүп эс-учун жоготуп койгонун айтып берген.