Кытайдын Хунань провинциясында 22 машинанын катышуусундагы жол кырсыгы орун алды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, кырсыктан 5 адам көз жумуп, 18и жаракат алган. Дарыгерлер алтоонун колу, буттары сынганын, калган 12 кишинин абалы туруктуу экенин айтканы жазылат маалыматта.
Эрэн-Хото кең көчөсүндө адегенде 4 унаа сүзүшкөн. Андан кийин жол кырсыгы катталган жайда тыгын жаралган. Тыгында турган унааларга дагы жыйырма чакты машина келип сүзүшкөн. Азыркы тапта мындай абал эмнеден улам келип жыкканын полиция тактап жатат.