68-эл аралык "Дүйнө сулуусу-2018" сынагы Кытайдын Санья шаарында өтүп, анда мексикалык бийкеч таажы тагынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, аталган сынактын финалы Кытайдын Хайнань аралында болуп, анда 30 катышуучунун ичинен 5 кыз тандалган. Жыйынтыгында мексикалык 26 жаштагы Ванесса Понс де Леон жеңүүчү деп табылган. Ал эми экинчи орунду таиланддык Николин Пичапа Лимснукан багындырып, вице-мисс деп наамына ээ болгон.
Ванесса Понсе де Леон алып баруучу, Мексикадагы аялдардын реаблитациялык борборунда директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштейт.
"Дүйнө сулуусу" эл аралык сынагы 1951-жылы Улуу Британиялык жубайлар Эрик Морли жана анын жубайы Жулия Морли тарабынан негизделген. Бул жолу аталган сынакка жалпысынан 118 өлкөнүн сулуулары катышкан.