ЖЫЛНААМА, 10-ДЕКАБРЬ: Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова 65 жашка толсо, кызы Сайкал Садыбакасова 26 жашка чыкты

Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана Эмгек сиңирген артисти Гүлшайыр Садыбакасова 65 жашка чыкса, анын кызы ырчы Сайкал Садыбакасова 26 жашка чыкты. "Кыз бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен куттуктоо үчүн байланышканыбызда ыраазычылыгын билдирип, азыркы учурда иш үстүндө отурганын, ал эми кечинде жакын адамдары, туугандары, достору, жакшы санаалаштары менен белгилей турганын билдирди.

Ал эми күйөө баласы Максат Довранов дагы социалдык тармактагы жеке баракчасына "Биздин сыймыгыбыз Гүлшайыр апа, бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктайм. Эл арасында ак эмгек менен кадыр-барк таптыңыз. Эми эмгектин үзүрүн көрүп, узак өмүрдө, чың ден соолукта бар болуңуз. Сиздей күчтүү, намыстуу, сыймыктуу адамдын уулу болуп жүрүү мен үчүн да сыймык. Эч кайгырбай күлүп-жайнап, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиз. Аллахым сизге күч-кубат, көптөгөн ийгилик берсин", - деген куттуктоо сөзүн жазган.

Күйөө баласы Максат Довранов менен

Белгилей кетсек, Гүлшайыр Садыбакасова 1953-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулган. Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамы 1972-жылы башталган. 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан ансамбль түзүү аракети болгон. Чоро Кожомжаров, Эркин Курманов аттуу туңгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюштуруучулары, көркөм жетекчилери топ түзүүгө аракет кылышкан. Кастинг башталып, тандалып отуруп алгачкы урма аспапта ойногон Гүлшайыр Садыбакасова болгон. Жыйынтыгында “Шоола” деген топ түзүлгөн.

Топ Латвия, Литва, Москвага чейин барып келген. “Шоола” 7 жылдан кийин чыгармачылыгын токтотуп, Гүлшайыр Садыбакасова окууну бүткөн соң Оштогу педагогикалык окуу жайга мугалим катары жөнөтүлгөн. Ошто кыздар ансамблин түзүү демилгесин Рахман Салмаматов көтөрүп чыгып, Гүлшайыр Садыбакасова драмтеатрда 4-5 кыз менен ансамблге кошулган. Ансамблге “Кыз-Бурак” деген ат коюлган.

Кызы Сайкал, уулу Эркин менен

Гүлшайыр Садыбакасованын бир кызы, бир уулу бар.

10-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RusMos76
2018-12-10 19:15:52
Куйоосу жонундо деги жазылбайтго Гулшайыр эжебиздин?.
-1
defne15
2018-12-10 20:18:04
Сайкал Максат менен жашайбы ?
+3
dobrajelatel
2018-12-10 21:37:39
Гулшайыр Садыбакасова мыкты инсан. Озгочо эрктуу аял деп билебиз. Бирок, Курманжан Даткага тендеш туура эмес. Курманжан Датка бир келчу баатыр аялзаты. Анын ордун эч ким баса албайт. Ал жасаган эрдиктерди эч ким жасай албайт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан