Баткен облусунун Лейлек районунда КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, кырсык 9-декабрь күнү саат 5:36 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 337-чакырымындагы Белес тилкесинде болгон. Анда жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып ичинде бараткан 39 жаштагы Х.Н., 33 жаштагы К.М. жана 25 жаштагы М.уулу.А. аттуу жарандар оор жаракат алып, натыйжада каза болуп калган. Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар унаадан алардын жансыз денесин чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Айрым маалыматтарга караганда, алар КамАЗга көмүр жүктөп келатып кырсыкка кабылышкан.