Бүгүн, 10-декабрга караган түнү саат 03:11де Алай районунда жер титиреди. Сейсмология институтунан кабарлашкандай, силкинүүнүн күчү очогунда 2,5 баллга жетти.
Жер титирөө Алай районунун Кабылан-Көл айылында жана Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында 2 - 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала берилген маалыматтарга таянып жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.