Баткенде асынып алган кенже сержанттын апасы каза болуп, аялы менен ажырашып батирде жалгыз жашап келген

Баткенде асынып алган кенже сержанттын апасы каза болуп, аялы менен ажырашып батирде жалгыз жашап келген. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда SUPER.KG порталына Улуттук Гвардиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-декабрда Баткен шаарындагы батирлердин биринин короосунан Улуттук Гвардиянын Баткен шаарындагы аскердик бөлүмчөсүндө келишимдик негизде кызмат өтөп келген 1995-жылы туулган И.Б. аттуу кенже сержанттын жансыз денеси табылган.

"Анын жансыз денесин эртең менен кошуналары көрүп калып, милицияга кабар беришкен. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер ал өзү жашап келген батирдин короосуна асынып алганын аныкташкан. Анын өлүмүнө үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болгон. Аз убакыт мурун анын апасы каза болуп калган, жубайы экөөнүн ортосунда да пикир келишпестик болуп, ажырашып кетишкени маалым", - деп билдиришти Улуттук Гвардиядан.

Белгилүү болгондой, маркум менен жубайынын ортосунда бир кызы бар. Ал кезектеги эмгек өргүүсүнө чыгып, эс алып жаткан. Анын жанынан кат табылып, анда айлык акысын жубайына берүүнү өтүнгөн.

"Учурда бул окуя боюнча Улуттук Гвардия жана башка тиешелүү мекемелер тарабынан кызматтык иликтөө жана териштирүү иштери жүрүүдө. Эмгек өргүүсүндө жүргөн кенже сержант болжол менен 30 миң сомдон ашуун акча алмак", - деп кошумчалашты мекемеден.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кечээ, 9-декабрда Баткен шаарындагы батирлердин биринен 23 жаштагы аскер кызматкеринин жансыз денеси табылып, ал асынып алганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baku88
2018-12-10 19:35:45
Жашоонун сыноосуна чыдабай канчалаган кырчындай омурлор кыйылып... сабыр берсин баарыбызга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан