Нарын облусунун Жумгал районундагы эки айылдын окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, 8-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 9-декабрь күнү саат 20:00 чамасында болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз жана Беш-Терек айылдарындагы мектептин окуучулары мушташып кетишкен.
"Эки айылдын окуучулары Кызыл-Жылдыз айылынын "Ынтымак" спорт сарайында волейбол ойношкон. Ал оюнду эч ким уюштурган эмес. Каза болгон бала 2004-жылы туулган Б.Т. аттуу окуучу болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, азыркы убакта окуучулар суракка алынып жатат", - деди басма сөз кызматкери.