ИИМ: "Мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген табып Хашим Зайналиевге кылмыш иши козголду"

"Мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген табып Хашим Зайналиевге кылмыш иши козголду". Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ага Кылмыш жана Жаза кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарыгерлик кылуу) боюнча иш козголуп, тергөө иши башталды. Кылмыш ишин ачууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазган каты негиз болгон.

Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келгендиктен ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulipa
2018-12-10 18:54:19
Онкологияда кунуго канчалаган адамдар Каза табат,эмнеге аларды айтышпайт,эмнеге Зейналиевден жакшы болуп кеткендер жонундо айтышпайт
+1
Gulipa
2018-12-10 18:55:39
Онкологдордун
Чонтогуно зыяны тийип жатат деп эле жазышпайбы
+2
Bars88
2018-12-10 19:01:12
Конкурентерди жок кылыш керек да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан