Орусиянын Рязань облусунда жол кырсыгынан бир Өзбек, бир Тажик жана эки Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-декабрда саат 14:50 чамасында Рязандын Шилов районунун Крутицы конушунда "Урал" федералдык трассасынын 279-чакырымында орун алган. Каза болгон Кыргыз жарандары: 37 жаштагы Р.А. Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну жана 41 жаштагы К.А. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну.
Р.А. Митсубиси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, башка унаа менен сүзүшкөн. Учурда анын туугандары сөөгүн алып кетүүгө даярданышууда. К.А. аттуу жарандын туугандары учурда аныкталып жатат.
Орусиянын аймактык тергөө бөлүмү бул жол кырсыгы боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.