Өткөн апта ичинде Чүй облусунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалында унаа башкарып жүргөн 29 айдоочу кармалды. Мындан тышкары ар кандай эрежелерди бузган 86 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга токтотулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 3-декабрдан 10-декабрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусу боюнча жалпы 4 миң 542 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Мунун ичинен 737 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулса, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 6, документтери жок унаасын башкарган 83 айдоочу жоопко тартылып, 86 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга токтотулган.