Бишкекте шаар тургунуна күч колдонуп, уюлдук телефонун алып кеткен жаран кармалды

Бишкекте шаар тургунуна күч колдонуп, уюлдук телефонун алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-декабрда милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам ага карата күч колдонуп 10 миң сомдук уюлдук телефонун алып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabaev
2018-12-11 16:03:40
Алмаз Шаадаев болуп журбосо болду)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан