Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жубайлар оор жаракат алды

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жубайлар оор жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жол кырсыгынын күбөсү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 9-декабрга караган түнү саат 00:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 75-чакырымында орун алган. Анда айдоочусу рулду башкара албай калып Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу жана анын жубайы оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын ага тескөөчүсү Темирлан Мирсадык уулунун айтымында, жол кырсыгына айдоочунун унаа айдап баратып уктап кеткендиги себеп болгон.

"Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1973-жылы туулгандыгы аныкталды. Ал унаасын айдап баратып уктап кеткен. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан айдоочу жана 1979-жылы туулган жүргүнчүсү (айдоочунун жубайы) ар кандай жаракаттарды алышкан. Алар "Тез жардам" кызматы менен Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан