Жалал-Абаддагы "Рахат" базарынан өрт чыгып, жыгач иштетүүчү үч цех жана үч соода жайы күйүп кетти

Жалал-Абад шаарындагы "Рахат" базарында өрт чыгып, жыгач иштетүүчү 3 цех жана 3 соода жайы күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 11-декабрда кабарлады. Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 9-декабрга караган түнү саат 00:42де чыккан. Жалал-Абад шаардык өрткө каршы күрөшүү-куткаруу бөлүмүнөн жалпы 4 топ тартылып, өрт саат 03:00 чамаларында толугу менен өчүрүлгөн.

Жыйынтыгында базардын ичиндеги жыгач иштетүүчү үч цех жана үч соода жайы күйүп, жалпы аянты 350 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталууда.

Министрликтин маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун аймагындагы мэрияга, райондук администрацияларга жана башка тийиштүү мекемелерге соода жайлардагы өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча эскертме берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shekeev969798
2018-12-11 13:46:50
Жалал абадта орт очургондор аябай жакшы иштейт биронун уйу куйупкеткенде 5минутага жетпей келип жарымын очуруп калышкан
+1
jibew
2018-12-11 17:36:14
Вице мэрдин базары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан