Баткенде аткезчилик жол менен алынып келаткан 3 миллион 200 миң сомдук жүк кармалды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Сай айылынан аткезчилик жол менен алынып келаткан 3 миллион 200 миң сомдук жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 11-декабрда чек арачылар менен УКМКнын кызматкерлери Кыргыз-Тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүп келаткан Ж.Б. аттуу жарандын Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын токтотуп, текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда унаанын ичинен Самсунг А6 үлгүсүндөгү 200 даана уюлдук телефон жана 320 ящикке салынган жүзүм табылган. Унаа эсинин жанында жүктү алып өтүүгө уруксат берген документтер жок болуп чыккан.

Андагы жүктүн баасы жалпы 3 миллион 200 миң сом деп бааланып, тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жүгү менен кошо УКМКнын аймактагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aida007
2018-12-11 19:54:31
Жан багайын десе да койбойт экенсинерда((((((байкуш Эл Кайран эл
+2
aida007
2018-12-11 20:01:17
Эл эмне кылсын анан мамлекеттен колдоп жок болсо !!!! Бироону кыйнап албаса алдабаса ушинтип Жан бакса эмне экен!!!!!!!!!!
+2
Elcinor
2018-12-11 23:45:39
Мамлекет кыйратпаса ар Ким оз жанын багып жататда.Алда карызга алынга акчасы болсо керек?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан