Аламүдүн районунда 8 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти. Окуяга чейин аны атасы унаасынан жолдун боюна түшүрүп кеткен

Аламүдүн районунда 8 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти. Аны окуяга чейин атасы унаасынан жолдун боюна түшүрүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Салиев-Чкалов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү тилкеде орун алган. Анда 8 жаштагы мектеп окуучусун атасы жолдун боюнча түшүрүп кеткен. Бала жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратканда аны Тойота Ист үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп кеткен. Айдоочу баланы унаасына салып, Бишкек шаардык балдар ооруканасына жеткирген.

"Окуя тууралуу маалымат түшөрү менен кызматкерлер ооруканага жөнөтүлгөн. Ал жерден айдоочу райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Учурда айдоочу милиция бөлүмүндө. Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирди Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын ага тескөөчүсү Темирлан Мирсадык уулу.

Аламүдүн районунда 8 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Birimdik5555
2018-12-11 21:35:33
Ылайым аман-эсен болсо экен бала
+3
Diana-Ban
2018-12-11 23:59:20
Камаш керек куноо айдоочуда болсо!
Эгер бала куноолу болсо анда бошотуш керек.
-4
Gsuita
2018-12-12 02:14:52
Бала жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратса айдоочу күнөөлүү да. Аман болсун бала. Эч кимдин баласы кырсыктабасын.
+2
Totyua.71.
2018-12-12 18:22:03
Бала аман болсо экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан