Кара-Сууда 28 жаштагы жаранды кичи автобус сүзүп кетип, ал каза болду

Ош облусундагы Кара-Суу районунда 28 жаштагы жаранды Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус сүзүп кетип, ал каза болду. Кырсык 10-декабрь күнү саат 17:00 чамаларында аталган райондогу Шарк айыл аймагында катталган. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, кичи автобусту Ош шаарынын 46 жаштагы А.М. аттуу тургуну айдап бараткан.

"28 жаштагы жаран алган жаракатынан улам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенден кийин каза болуп калган. Ал ошол эле райондогу Маданият айылынын тургуну экени аныкталган", - дейт Теңизбаев.

Учурда кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан