30-ноябрда старт алган салтанаттын ачылышына Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана "PepsiCo" компаниясынын Беларусь, Украина, Кавказ жана Борбор Азия боюнча менеджери Серхио Пайа катышты. Инвестициялык долбоор Кыргыз өлкөсүндө "PepsiCo" компаниясы тарабынан ишке ашты.
Мындан ары “Бишкексүт” ишканасынын азыктары колдонуудагы жана сактоодогу жаңы артыкчылыктары менен айырмаланат. Жаңыланган жана жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган завод эми азыктарды ПЭТ-таңгак менен чыгара баштады.
Керектөөчүлөргө жаңыланган таңгактын 0,27 л., 0,45 л., 0,54 л. жана 0,93 литрлик сыйымдуулуктагы таңгактары сунушталат. Жаңы таңгактар менен "Веселый молочник”, “Домик в деревне”, соода маркаларынын сүттөрү жана айрандары “BioMax” жана “Чудо” соода маркаларынын йогурттары чыгарылмакчы.
“Биздин керектөөчүлөрдү кубандырган жогорку сапаттагы даамдуу азыктарды чыгаруу – бул PepsiCo компаниясынын негизги милдети. Биз айыл чарба өндүрүмдөрүнөн даярдалган, жергиликтүү рыноктон өндүрүлгөн сүт азыктарынын мындан да кеңири түрлөрүн сунуштайлы деп жатабыз. Өндүрүштүн жаңы тобун чыгаруу - сактоого жана колдонууга абдан ыңгайлуу болгон заманбап таңгактагы сүйүктүү азыктарды жаңы форматта даярдап чыгуубузга жол ачат”, - деди Серхио Пайа ачылыш аземде.
“Бишкексүттүн” азыктары жергиликтүү фермердик чарбалардын табигый чийки заттарынан даярдалат. Сапат – бул иштин бардык этаптарындагы негизги талап. Чийки зат лабораториядагы текшерүүдөн кийин гана иштетүүгө жиберилет. Анализдердин артынан эле сүттү тазалоо, жыттан арылтуу сыяктуу атайын процедуралар жүргүзүлөт. Сүт азыктарын стерилдөөдөн өткөрүү шарты бактериялардын азыкка кошулуу коопсуздугун алдын алып, сактоо мөөнөтү бүткөнгө чейин сапаттуу сакталуусун шарттайт.
“Бишкексүт” ААКсы – Кыргызстандагы азык-түлүк жана суусундуктарды өндүрүүчү ири ишкана. Завод сүт азыктарынын 49 түрүн өндүрөт: “Домик в деревне” жана “Веселый молочник” соода маркаларындагы стерилденген сүт, айран, май, каймак менен катар “BioMax”, “Чудо” ароматташкан сүт, ичүүчү йогурттары ж.б. Ишкана PepsiCo компаниясынын тобуна кирет. Өндүрүштөгү эл аралык стандарттар - керектөөчүлөрдүн коопсуздугуна кепилдик берип, туруктуу жогорку сапат менен камсыздайт.