Нарын облусунун Жумгал районунун акиминин орун басары унаасы менен бара жатып жолго чыга калган жылкылардан качам деп өтүп бараткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсыгы кечээ, 10-декабрь күнү саат 18:30 чамасында катталган.
"Жумгал районунун 46 жаштагы тургуну өзүнүн ВАЗ үлгүсүндөгү унаасы менен Көк-Ой айылынын чыга беришинде жолго чыга калган жылкылардан качам деп рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бараткан адамды сүзүп алган. Жабырлануучу жаран Жумгал райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок эсине келбей каза болгон. Каза болгон жаран 58 жаштагы Ж.К. экени аныкталды. Ал эми кырсыкка кабылган унаанын ичинде эки жүргүнчү болгон, учурда алар ооруканада. Кырсык боюнча тийиштүү териштирүүлөр башталды", - деп билдирди аталган бөлүмдөн.
Ошондой эле кырсыкка кабылган унаа Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына тиешелүү болгон.