Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада кечээ, 15-июлда грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары медалга жетише алган жок. Мелдештин расмий сайты жарыялагандай, күрөштүн биринчи күнүндө Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 4 спортчу килем үстүнө чыгышкан. Элдияр Бегалиев (55 кг) чейрек финалга чыгып, бирок жарым финал үчүн болгон беттеште азербайжандык спортчудан утулуп калган. Ал эми Жакшылык Эмилбеков (66 кг) 25 спортчунун ичинен 11-орунду алып, медалга жетишкен жок. Ошондой эле Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов дагы Кыргызстандын эсебине медаль алып келе алышкан эмес. Белгилей кетсек, бүгүн, 16-июлда Атабек Азисбеков (74 кг), Атай Койчукулов (60кг) жана Аман Токтогонов (96 кг) грек-рим күрөшү боюнча беттешке чыгышмакчы.