Кара-Сууда 31 окуучунун катышуусундагы мушташта 15 жаштагы өспүрүмдү коңшу айылдын тургуну бычактаганы аныкталды

Кара-Суудагы 31 окуучунун катышуусундагы мушташуу боюнча тергөө амалдары улантылууда. 15 жаштагы жабырлануучуну коңшу айылдын тургуну бычактаганы аныкталды. Облустук милициядан бүгүн, 12-декабрда SUPER.KG порталына билдиришкендей, жабырлануучу тиешелүү дарылануудан өтүп, үйүнө чыгарылган.

Белгилүү болгондой, 2003-жылы туулган Н.уулу.Н. аттуу жабырлануучу денесинин 9 жеринен жаракат алган. Мушташка катышкан балдардын баары милиция кызматкерлери тарабынан суралып, каттоого алынган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Алгач массалык мушташка катышкан балдар сурак учурунда "караңгы болчу, жабырлануучунун денесине ким жаракат келтиргенин билбейбиз" деп бири-бирин жашырып жаткан. Кийин жабырлануучуну коңшу айылдын 15 жаштагы тургуну бычактаганы аныкталган. Бул окуя боюнча соттук-медициналык, химиялык экспертизалар дайындалган, учурда алардын жыйынтыктарын күтүп жатабыз", - деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле милициядан учурда мугалимдер, ата-энелер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек балдарга көзөмөл күчөтүлгөнүн кошумчалашты.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ош облусунун Кара-Суу районунда 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү 31 окуучунун катышуусунда массалык мушташ катталган. Мушташтын кесепетинен Жоош айыл аймагынын 2003-жылы туулган Н.уулу.Н. аттуу тургуну денесинин ар жеринен миздүү нерсе менен жаракат алып, Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучу 9-классты аяктап, Жоош айыл өкмөтүндөгү кесиптик лицейде окуп келген. Аны окуу жайдын балдары кемсинтип, анын айынан бир нече жолу чыр-чатак чыкканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан